Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Кыргызстан-Кытай чек арасы толугу менен демаркацияланган


Эми ал эч кандай өзгөрүүлөргө туш болушу мүмкүн эмес, деп маалымдайт КР чек ара кызматы. Маалымат ээлери “Торугарт” бажы түйүнү башка жакка жылдырылып жатат, деген сөздөр туура эмес деп бекемдешет. “Чатыр-Көл акваториясы, Ак-Сай, Арпа жайлоолору Кытайга ижарага берилген жок. Бул аймакта Кытайдын эч кандай соода-экономикалык зонасын куруу да пландалган эмес,” деп баса белгилейт чек ара кызматы.
Ошондой эле анда 2009-жылдын 12-июлуна чейин “Муз-Төр” чек ара заставасындагы кытайлык жумушчулар жана техника толугу менен алынып чыгып кеткени айтылган. Буга чейин чек араны коргоо системасы кандай түзүлгөн болсо, мындан ары да так ушул боюнча кала берет, -деп жазылат маалыматта, -“Муз-Төр”, “Торугарт”, “Көк-Айгыр”, “Кароол-Дөбө”, “Чатыр-Таш”, “Кынды” чек ара заставалары, “Өселек”, “Корумду”, “Сары-Мойнок”, “Вектор” жана “Орто-Кашка-Суу” чек ара түйүндөрү мамлекеттик чекти мурда кандай кайтарып келген болсо, азыр дагы, мындан ары да так ошондой кайтарууга алышат.
Өткөн жумада Ат-Башы районунун кытай менен чектешкен үч айлынын тургундары Бишкек-Торугарт жолун тосуп, бийлик Ак-Сай, Арпа жайлоолорун Кытайга ижарага бериптир, деген кептин чын-төгүнүн тактоону талап кылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG