Линктер

жума, 20-январь, 2017 Бишкек убактысы 10:04

Кызыл-Кыя цемент заводу ишке кирди


Заводдун ачылышына КР мамлекет башчысы Курманбек Бакиев катышты. Ал өз сөзүндө жылына 1 млн. тонна цемент өндүрө алуучу ишкананын ачылышы - өлкө адис кесипкөйлөрдөн кур эместигинин белгиси, деп билдирди. Президент ошондой эле Кызыл-Кыя цемент заводунун ачылышын Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу сыяктуу эле чоң жетишкендик, деп баалады. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдаганы боюнча аталган завод чыгарган цемент Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин курулушуна иштетилери айтылууда.
Айрым адистер Кызыл-Кыядагы заводдон сапаты жогорку цемент чыгарылбаса, пайдасы аз болот, деген пикирлерин билдирип келишет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG