Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Башкы прокуратура Орусияда кармалган кыргыз жаранын кайтаруу өтүнүчүн жолдоду


КР Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы кабарлаганы боюнча Орусиянын Түмөн (Тюмень) шаарында кармалган С. Аралбаевди кайтаруу өтүнүчү менен РФ Башкы прокуратурасына кайрылган. Маалыматта айтылгандай С. Аралбаев мындан беш жыл мурун Бишкек шаарынын тургунун коркутуп, 100 миң сомун алып кеткени үчүн издөөдө жүргөн. Буга чейин Башкы көзөмөл органы Москва шаарында кармалган Д. Шералиевди кайтаруу өтүнүчү менен Орусиядагы кесиптештерине кайрылган. 2006-жылы Жалал-Абат шаарында киши өлтүрүүгө катышкан, деген шек менен издөөгө алынган Д. Шералиев Кыргызстанга жиберилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG