Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

2008-жылы Кыргызстан адам укугу жаатында артка кетти


Бул өзгөчө жарандардын тынч, куралсыз митинг, пикеттерди уюштуруу жана эркин чогулуу укугунун тебелениши менен коштолду, деп билдирди КР Акыйкатчысы Турсунбек Акун бүгүнкү маалымат жыйынында. Анын айтуусунда ЖК депутаты Исхак Масалиевдин демилгеси менен кайра өзгөртүлүп, сунушталган мыйзам демократиянын жоболоруна жана адам укугун коргоо боюнча эл аралык деңгээлге туура келбейт. Ошондуктан, Акыйкатчы башында турган атайын жумушчу топ бул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, кайрадан жазып чыккан. Турсунбек Акун жаңы мыйзам долбоорун күзүндө парламентке сунуштамакчы. Долбоорго ылайык тынч, куралсыз митинг, пикет өткөрүүнү каалагандар жергиликтүү бийликтин уруксатын күтпөй эле, аларга билдирүү менен иш-чара өткөрө берүүгө укуктуу.
Жогорку Кеңеш үстүбүздөгү жылдын июнь айында кабыл алган мыйзамда жарандар тынч, куралсыз чогулуу үчүн жергиликтүү бийликтен 12 күн мурун уруксат суроого милдеттендирилген. Эгер уруксат берилбесе, сотко кайрылууга укуктуу. Ошондой эле учурда иштеп жаткан мыйзам митинг, пикет өткөрүлө турган жерлерди жана иш-чара өткөрүүнүн убактысын да чектеп койгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG