Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Нура айлында үйлөрдүн курулушу аяктап калды


Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Нарбаевдин журналисттерге билдиргенине караганда учурда 151 үйдүн пайдубалы тургузулган, 36 үйдө монтаждоо иштери жүрүп жатса, 5 үйдүн чатыры жабылууда. Ошондой эле айылга мончо, спорт зал, мектеп жана 200 орундуу клуб кошо тургузулууда. К. Нарбаев турак-жайларды өз убагында бүтүрүүгө тынбай жааган жаан менен Үрүмчүдөгү баш-аламандык терс таасирин тийгизгенин кошумчалады. Анын айтуусунда айрым курулуш материалдары Кытайдан алынып жаткан.
Өткөн жылы октябрь айында Алай районунун Нура айлында күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн айыл тыптыйпыл болуп, 75 киши каза тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG