Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:21

Билим берүү концепциясынын кемчиликтери көп


Бул тууралуу бүгүн Укук жана Мамлекеттик кызмат боюнча кыргыз-казак академиясынын жетекчиси Валерий Михайленко билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик стандарттар бар жана анда билим берүүнүн максаттары, милдеттери так көрсөтүлгөн. Бирок бул жаңы концепция ал стандарттарды эске албай түзүлгөн, дейт В. Михайленко. Анын пикиринде, концепцияда билим берүүнүн жоболору жазылганы менен, аны аткаруунун жол-жоболору белгиленген эмес. 10-июнда өкмөт үйүндө Билим берүү концепциясынын бет ачаары болгон. Анда президент Курманбек Бакиев бул документти өлкөнүн билим тармагын реформалоодогу негизги кадам катары сыпаттаган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG