Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

Жалал-Абат облусунда сууга түшүп кеткендер изделүүдө


Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүктүн куткаруучулар тобу издөө иштерин бүгүн да улантышты. Кырсык тууралу маалымат 13-июлда жетээр замат аскер бөлүктүн он бир куткаруучусу окуя болгон жерге жиберилген. Издөө иштери кечээтен бери жүргүзүлүүдө. Мындай маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башкы адиси Абиш Бекиловдон алынды. Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына 11-июлда автоунаа менен түшүп кеткен эки адам табыла элек. Ошо күнү “Фольксваген – Вента” үлгүсүндөгү автоунаа Ош – Бишкек жолундагы аталган шаардын МАИ бекетине жакын жерден Кара-Суу дарыясына бурулуп кеткен. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG