Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

Нарын облусунда СПИД оорусун алып жүргөн төрт адам катталган


Мындай маалыматты Нарын облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Үмүт Чокморова «Социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча» өткөрүлгөн координациялык кеңеште билдирди. Буга чейин облуста СПИД менен жабыркаган 3 адам катталып, анын бирөөсү көз жумса, бул жылы төртүнчү адам катталган. Ү. Чокморованын айтымында эмгек мигранттары көбүрөөк катталган Кочкор районундагы чет элдик төрт адам, үйүнө кайтып келген 172 эмгек мигранттары СПИД боюнча текшерүүдөн өткөн эмес. ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган эки бир тууган экөө тең баңгиман болгондуктан аларды милиция таап бере албай жатат. (JI)

XS
SM
MD
LG