Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Канада менен Чехия визанын айынан араздашууда


Канада чех жарандарына виза режимин кайра киргизгенден кийин, Прага өзүнүн Канададагы элчисин чакыртып алды. Бул эки мамлекет ортосунда буга чейин жарандар визасыз эле каттачу. Чехиянын премьер-министри Ян Фишер эми тилектештик билдирип, Евробиримдиктеги калган мамлекеттер да Канада менен виза режимин киргизет го деп үмүттөнөөрүн айтты. Канада өз чечимин соңку мезгилде Чехияда жашаган цыгандардан башпаанек сураган арыздар көп түшүп жатканы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG