Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

Иранда 13 сунни козголоңчусу дарга асылды


Алар Ирандагы сунни козголоңчуларынын «Жандалла» деп аталган тобунан экени айтылат. Аларды бүгүн Захедан түрмөсүндө дарга асышты. Бийликтер бу топту Ирандагы шийилер менен суннилердин ортосунда араздашууларды пайда кылып жатат деп айыпташат. Андан сырткары аларга баңги заттарды таркаткан, адамдарды уурдаган деп да кине коюшту. Өткөн жылы Иран өлүмгө өкүм кылынгандардын саны боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи орунда тураарын эларалык Amnesty International уюму айтып чыккан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG