Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 14:41

Уйгур лидери “ал-Каидага" алакалаш деген айыптоолорду четке какты


Уйгурлардын Дүйнөлүк конгресси деген уюмдун Вашингтондо сүргүндө жашаган башчысы Рабия Кадырдын айтымында, Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районундагы улутташтарынын укугу үчүн күрөштө ал зордук –зомбулук ыкмаларынын колдонулушуна каршы.

Кытай өкмөтү Рабия Кадырды Үрүмчүдө жакында орун алган тополоңдорду уюштурган деп айыптоо менен аны “террорчулар” колдогонун билдирген. Рабия Кадыр мындай айыптоолорду четке кагууда. Ал эми АКШ Конгрессинде Кытайдан аны каралоону токтотууну талап кылган резолюция даярдалды. 62 жаштагы Рабия Кадыр - мурдагы ишкер, 11 баланын энеси, Кытайдын түрмөсүндө алты жыл жатып чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG