Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

АКШ президенти Ооганстандагы шайлоого үмүттөнөт


Барак Обама Ооганстанда августта болуучу шайлоо АКШнын бул өлкөдөгү иштерге аралашуусунун “башка баскычка өтүүсүнө” алып барат деп үмүттөнөт.

Барак Обаманын Ак үйдө Нидерландиянын премьер- министри Ян Петер Балкененде менен өткөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтканына караганда, ал Ооганстандын өзүнүн коопсуздук күчтөрү, соттору, өкмөтү өлкө коопсуздугу үчүн көбүрөөк жоопкерчилик алгыдай стратегияны көздөөдө. Бул өз кезегинде Ооганстандагы америкалык жана чет элдик аскерлердин ролу азайуусуна мүмкүндүк бермек.

Бул аралыкта кечээ Ооганстандын түштүктөгү Гильменд провинциясында чет элдик аскерлерге караштуу тик учак кыйрап, алты адам каза тапты. НАТОнун өкүлүнүн айтымында, алардын баары аскерий эмес адамдар. Кырсыктын себептери белгисиз. Бирок Талибандын өкүлүнүн айтымында, тик учакты алар атып түшүргөн.

XS
SM
MD
LG