Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

“Менин тандоомдун мезгили” шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузууларды атады


Кыргызстандагы жарандык уюмдар тарабынан түзүлгөн “Менин тандоомдун мезгили” бирикмеси президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча экинчи отчетун бүгүн жарыялады. Анда шайлоо өнөктүгү мыйзам бузуулар, административдик ресурсту эпсиз пайдалануу, оппозициялык талапкерлердин эл менен жолугушууларын чагымчылар тарабынан үзгүлтүккө учуратуу аракети менен коштолуп жатканы белгиленген. Өкмөттүк эмес уюмдардын бирикмеси ошондой эле маалымат каражаттары бир талапкерге артыкчылык берип, калгандарга кош көңүл мамиле кылып жатканын аташты. “Интербилим” уюмунун лидери Асия Сасыкбаева “шайлоо өнөктүгү татаал саясий кырдаалда өтүп жатканын” атаса, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” уюмунун башчысы Динара Ошурахунова участкалык шайлоо комиссияларын түзүүдө мыйзам бузуулар орун алганын билдирди. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG