Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

А.Атамбаевдин Жалал-Абаттагы өкүлү арыз-даттануу менен жогорку органдарга кайрылат


БЭКтин талапкеринин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Касымбековдун участкалык шайлоо комиссияларынын курамын кайра карап чыгуу жөнүндө даттануу арызын Жалал-Абат шаардык шайлоо комиссиясы канааттандырган жок. Ошондуктан ал жогорку бийлик органдарына кайрылуу жагын карап жаткандыгын билдирди. Жалал-Абат шайлоо комиссиясы БЭКтин курамындагы партиялардан көрсөтүлгөн он талапкерди участкалык шайлоо комиссияларына кошпой койгон. Шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Раимбек Султанов шайлоо комиссияларынын курамына кирбей калган адамдар партияга мүчө эмес адамдар деп жооп кайтарууда. Анын айтымында социал- демократиялык, “Ата Мекен» жана «Улуу биримдик» партияларынан тогуз адам участкалык шайлоо комиссиясына кирген. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG