Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Баткенде оппозиция тизмеси менен УШК тизмесинде айырма чоң


Мындай маалыматты Президенттике БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Баткен облустук шайлоо штабынын башчысы Ташболот Балтабаев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бир эле Чек шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмеси менен БЭКтин өкүлдөрү тактаган тизмени салыштырганда тизмедеги 318 атуул жок болуп чыккан. Мындай тактоолор аймактын бардык айыл округдарында жүргүзүлөт. Жыйынтыгында болжол менен алты жарым миндей шайлоочу тизмеден чыгарылышы мүмкүн, дейт Ташболот Балтабаев.

Президенттик шайлоо өнөктүгү башталганда эле СДП мүчөлөрү жергиликтүү бийликтен сырткары өз алдынча шайлоочулардын тизмесин такташкан болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG