Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Торугарт бекетин жылдырууга ким уруксат берген?


Торугарт бекетинин жылдырылышына нааразылык иретинде 6-июлда атбашылыктар Бишкек-Торугарт жолун тосушкан.
Торугарт бекетинин жылдырылышына нааразылык иретинде 6-июлда атбашылыктар Бишкек-Торугарт жолун тосушкан.

Кыргыз-кытай чегиндеги Торугарт көзөмөл бекетин жылдыруу токтотулганы менен "ал үчүн кимдер жоопко тартылат?", - деген суроо ачык бойдон калууда. Аймактагы кабарчыбыз ушул маселе боюнча тиешелүү кишилер менен маектешти.

Бул меселе боюнча “Азаттыктын” суроолоруна Ак-Муз айлынын тургуну Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, Нарын облусунун ардактуу атуулу Калыбек Арабаев жооп берди.

- Бизге жеткен маалыматтаргак араганда, Коргон-Ташка жаңы көзмөл бекетин куруп жаткан кытайлар 10-июлда бир аз кыйынчылыктар менен чыгып кеткен экен, бул тууралуу кабарыңыз барбы?

- Ооба, адегенде машинасы келип, документтери туура эмес болуп калган экен, эртеси 11инде Коргон-Таштагы тамдарды бузуп, курулуш материалдарын жүктөп, кечинде саат ондордо алып чыгып кетишти. Бирок булар контрабанда менен келген жүк экен, чек арачылар документсиз өткөрүшкөнүн билбейбиз.

- Анын контрабанда экенин кайдан билесиз?

- Ошол жерде иштегендер айтышты, аларды ачык айтууга мүмкүн эмес. Анткени аларды жумуштан алып коюшу мүмкүн. Ошолор эч документ көрсөткөн жок, бизге “кое бергиле” дешти биз кое бердик деп айтышты. Эми алар кантип өткөнүн ошол жердеги чек арачылар менен улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери билбесе биз билбейбиз.

- Негизи мыйзам бузуу болгон экен да...

- Мыйзам бузуу болгону ачык эле көрүнүп турат. Чек ара менен бажы кызматчылардын иши экен.

- Баарыбыз эле Торугарт бекети өз ордунда калды деп эле айтып жатабыз бирок ал чечимди сиз көрдүңүзбү?

- Жок көргөн жокмун. Бирок губернатор менен сүйлөштүм. Президент да Кочкорго келгенде "туура кылгансыздар" деп айтыптыр

- Бирок Кочкордо эл менен жолугушууда айткан жок да?

Ооба айтпаптыр, бирок губернаторго айтыптыр. Ошол үчүн чыгып кетишти да. Эл ошол үчүн кылмыш иши козголсун, эмне үчүн президент, өкмөт билбейт, жергиликтүү бийлик билбейт, деген маселе коюп атат. Эгерде күнөөлүүлөр жазаланбаса кайрадан президентке барабыз. 6-июлда көтөрүлгөн маселелердин артынан түшөбүз, баш прокурорго кайрылабыз деп жатышат

- Бул жерде Аксай, Арпа жайлоосу 49 жылга ижарага кетти деген сөз чын же жалган экени да айтылбай жатпайбы...

- Туура, бул жерде ошол көзөмөл бекетинин гана ары-бери жылганы боюнча сөз болуп атат. Эгерде ал Коргон-Ташка жылса ар жакта Арпанын талаасы, Чатыр-Көл калып жатпайбы. Ижара боюнча ушак бар, бирок документ жок болуп атпайбы. 49 жылга ижарага берилген деген сөз жүрүп жатканы менен далилдүү документ жок болуп атпайбы.

Ал эми биз Торугарт бекети боюнча чечимди көрсөк болобу деп губернатор Өмүрбек Суваналиевге телефон аркылуу “Азаттыктан” деп кайрыланбызда эмне суроо экенине кызыкпай эле бошобой жатканын айтып басма сөз кызматы байланышаарын билдирди. Алар бизди губернатордун биринчи орун басары Мирадил Бакашевге сунушташты.

- Торугарт бекети боюнча чечим барбы, аны көрдүнүздөрбү?

- Чечим бар, акыркы чечим чыккан. Торугарт бекети ордунда калат

- Эл эки кызматтын башчыларына чара көрүлсүн деп жатпайбы, буга облустук бийликтин позициясы кандай?


- Эми биз мамлекеттик кызмат органы болгондон кийин өзүбүздөн жогору турган мекемелер боюнча тигиндей же мындай деп айта албайбыз. Райондук мекеме туура эмес иш кылып койсо айтат элек.

- 8-июлда “Акипресс” агенттиги тараткан чек ара кызматынын маалыматында буга облустук бийлик да макул болгондугу тууралуу айтылыптыр. Ушул маалыматтын чындыгы канчалык?

- Силер бир нерсе айтаарда тактап айтсаңар. Макулдук Торугарт терминалын курууга болгон. Ал эми токтом долбоорунда Коргон-Таш же Муз-Төр деген сөз болгон эмес, Торугарт терминалын куруу боюнча гана сөз бар болчу, башка бир да жердин аты жазылган эмес.

Материал даярдалып жатканда губернатордун басма сөз катчысы “Торугарт терминалы ордунда калат” деген чечимди Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрациясынан факс менен алдык деп чакыргандыктан, барып чечимди көрдүк. Биз 7-июлда биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган алты адам кол койгон протоколду көрдүк. Бирок эмне үчүн 7-июлда чыккан чечимди бир жума бою көрө алган жокпуз деген сурообузга жооп ала алган жокпуз.

Бишкек-Торугарт жолун тосуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

XS
SM
MD
LG