Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

АКШ Иран менен сүйлөшүүгө али дилгир


Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон билдирди. Ал Вашингтондо Тышкы байланыштар боюнча кеңеш деген иликтөө мекемесинде сүйлөгөн учурунда белгилегендей, АКШ Иран менен диалог жүргүзүүгө али кызыкдар бойдон калууда. Бирок Мамлекеттик катчы президент Барак Обамада жана өзүндө “Ислам республикасы менен диалог кандайдыр ийгиликти кепилдейт деген иллюзия жок экенин” да кошумчалады.

Бул аралыкта Евробиримдиктин учурдагы төрагасы, Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт Иранда президенттик шайлоодон кийин орун алган окуялар Тегеран менен мамилени кыйла татаалдаштырганын билдирди. Анын айтымында, Иран эл аралык коомчулук менен талаштуу өзөктүк программасы боюнча дипломатиялык чечим табуусу үчүн эң көп дегенде бирнече ай убактысы бар.

АКШ жана Евробиримдик Иран бийликтери өткөн айдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, көчөгө чыккандарга күч колдонуусун кескин айыптаган.

XS
SM
MD
LG