Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Ооганстанда "козголоңчулардын уюктары" кысымга моюн сунбай жатат


Ооганстандагы НАТО күчтөрүнүн командачысы өлкөнүн батышы менен түндүгүндө бейстабилдүүлүк күчөп жатканына тынчыздануу билдирди. Америкалык генерал Стэнли МакКристал “козголоңчулардын уюктары” деп Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз, ал эми батыштан Бахдис жана Фарах провинцияларын атады. Генералдын айтымында, бул чөлкөмдөрдө Ооганстандын коопсуздук күчтөрү менен өкмөтүнүн көбүрөөк аракети талап кылынат. Ушул айда эле НАТО күчтөрү Ооганстанда 46 жоокерин жоготту. Бул бир айды эсептегенде, согуш башталган 8 жылдан берки эң чоң жоготуу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG