Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Россиянын президенти Кыргызстанга жумуш сапар менен келет


Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Россиянын президенти Дмитрий Медведев 30-июлда Тажикстанда болуп, андан кийин Кыргызстанга келет. Дмитрий Медведев Кыргызстанда Чолпон-Ата шаарында 31-июлда боло турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин бейформал саммитине катышат. Маалымат каражаттары ошондой эле Дмитрий Медведев кыргыз жетекчилиги менен сүйлөшүүдө түштүк региондо жаңы аскердик база ачуу боюнча сүйлөшүү өткөрөрүн жазууда.
Жаңы аскер базаны ачуу расмий түрдө жарыялана элек. Бирок базанын ачылышына каршы экенин Ташкен билдирди. Ал эми Казакстан коопсуздукту чыңдоодогу аракеттерге каршы эместигин ачыктаган.
ЖККУнун бейформал саммитин уюштурууга даярдыктар Кыргызстанда кызуу жүрүп жатат жана ал иштерди Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров жетектөөдө. Маалыматка караганда, бейформал саммити уюштуруу максатында ЖККУга мүчө мамлекеттердин делегацияларынын алдыңкы топтору Чолпо-Ата шаарында өткөн жумадан бери иш жүргүзүүдө.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG