Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Президенттин катчылыгы Торугарт бекети боюнча билдирүү таратты


Катчылыктын билдирүүсүндө Нарын облусунун жеринин бир бөлүгү Кытайга берилиптир деген маалымат оппозиция тарабынан таратылып, ага “Торугарт” көзөмөлдөп-өткөрүү бекетин Бажы комитети жана Чек ара кызматы тарабынан 50 чакырым ичкери карай жылдыруу чечими негиз болгону аталган. Бекетти ичкери Муз-Төргө карай жылдырууга табийгый шарт , бажы жана чек ара кызматкерлеринин ишине ыңгайлуу шарт түзүү себеп болгон. Бирок биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов башында турган комиссия маселени иликтеп, бекетти жылдырууга негиз жок деген чечим чыгарган. Бул чечим менен бажы жана чек ара бекети мурдагы ордунда кала турган болду. Катчылык Ат-Башы жайлоолорун Кытайга ижарага берилгени жөнүндө маалыматты да төгүндөгөн.
Ат-Башы районунун тургундары Арпа, Ак-Сай жайлоолорун Кытайга ижарага берүүгө каршы чыгып, 6-июлда Торугарт-Бишкек жолун тосушкан. (AiT)


XS
SM
MD
LG