Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

“Замандаш” Орусияда шайлоого карата маалыматтык иш-чаралар өткөрүүдө


Орусия жана Казакстандагы кыргыз мигранттарынын башын бириктирген “Замандаш” ассоциациясы президенттик шайлоого карата маалыматтык кампания жүргүзүүдө. Ассоциация ошондой эле шайлоону уюштуруу үчүн каржылык жана техникалык жардам көрсөтүп, Орусиянын ири шаарларында маданий жана спорттук иш-чаралар уюштуруп жатат. Ушу тапта “Замандаштын” колдоосунда Екатеринбург, Иркутск, Казань, Красноярск, Москва, Новосибирск, Омск, Санкт-Петербург, Самара, Сургут, Челябинск, Чита, Якутск шаарларында кыргыз мигранттарын добуш берүүгө активдүү чакыруу үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда атайын концерттер да өткөрүлүп жатат. 2005-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Кыргызстандын Орусиядагы консулдук өкүлчүлүктөрү жок шаарларында кыргыз жарандарынын добуш берүүсү “Замандаштын” күчү жана ресурстары менен ишке ашкан. “Замандаш” ассоциациясынын эсептөөсүндө Орусияда 500 миңден ашуун кыргыз мигранттары бар. (EK)

XS
SM
MD
LG