Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Нарында Бакиев үчүн добуш берчүлөр тизмеге алынууда


15-июлда Нарын облустук акимчиликте тымызын жыйын өтүп, анда бюджеттик мекеме-уюмдардын жетекчилерине шайлоо күнү кичи мекенине барып, шайлоочуларды учурдагы президент Курманбек Бакиевге добуш бердиртүүгө тапшырмалар тагылган. Мындай маалыматтарды өз ысымдарын купуя сактоону каалаган айрым тургундар «Азаттыкка» кабарлашты. Жыйын түпкү жери атбашылык, акталаалык, жумгалдык, кочкорлук жарандар менен өз-өзүнчө өткөрүлгөн. Нарын облустук акимчиликтин аппарат жетекчиси Бейшенаалы Боогачиев мындай жыйын тууралуу маалыматты “суу кечпеген маалымат” деп билдирди. Ушундай эле чогулуш Нарын районунда да болгону айтылууда. Ал эми бүгүнтөдөн тарта Нарын шаарында иштеген бюджеттик ар бир кызматкерге атайын баракчага азыркы президент Курманбек Бакиев үчүн добуш бере турган 25, мекеме-уюм жетекчилерине 50 кишинин колун чогултуп келүү тапшырмасы «Ак жол» партиясы тарабынан милдеттендирилген. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG