Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Чеченстанда дагы бир укук коргоочуну өлтүрүп кетишти


Наталия Эстемированы шаршембиде Грозный шаарынан уурдап кетишкен. Кийинчерээк анын ок жеген денеси коңшулаш Ингушетиядан табылды. Орусиядагы «Мемориал» укук коргоочу уюму активисттин өлүмү үчүн чечен лидери Рамзан Кадыровду айыптады. Кадыров болсо Эстемированы өлтүргөндөр «эң катуу жазага тартылат» деп билдирди. Эстемирова чечен милициясы жасаган кылмыш иштерди каттап жүргөн экен.

XS
SM
MD
LG