Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Б.Бхуттонун өлүмүн иликтөө боюнча БУУнун комиссиясы Исламабадда


Үч адамдан турган топту Чилинин өкүлү Херальдо Муньос жетектейт. Комиссиянын мүчөлөрү Пакистандын президенти, Беназир Бхуттонун күйөөсү Асиф Али Зардари менен жолугушат. Аталган комиссия жыл этегине чейин Улуттар уюмунун баш-катчысына Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун өлүмү тууралуу кеңири иликтөөсүн көрсөтүшү керек. Пакистандын эки жолку премьер-министри, кийин оппозициянын лидерлеринин бири болуп турган Бхуттону 2007-жылкы шайлоо өнөктүгү учурунда белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишкен.

XS
SM
MD
LG