Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Чечен укук коргоочусун өлтүрүп кетишти


Укук коргоочу Наталья Эстемирова маалымат жыйынында, Грозный, 2007-ж.
Укук коргоочу Наталья Эстемирова маалымат жыйынында, Грозный, 2007-ж.

15-июль күнү “Мемориал” укук коргоо борборунун Грозныйдагы кызматкери Наталья Эстемированы белгисиз адамдар машинеге зордоп салып кетип, кечинде анын бир нече ок жеген сөөгү Ингушетияда табылды. Натальянын кесиптештери анын өлүмүнө чечен президенти Рамзан Кадыровдун тиешеси бар деп ишенет. Бул окуя – Кремль чечен президенти Кадыровдун өзүм билемдигин ооздуктай алабы? – деген суроолорду күчөттү.

50 жаштагы жалгыз бой эне Наталья Эстемирова 15 жаштагы кызы менен Грозныйдагы чакан батирде жашачу. 1990-жылдардын аягынан бери укук коргоочу Эстемирова Чеченстанда дайынсыз жоголгон адамдар, уруп сабалып, кыйноого туш болгондор, өлтүрүлгөндөр тууралуу фактылар топтоп, документтештирип келген. Ал иштеген “Мемориал” укук коргоо уюмунун Грозныйдагы бөлүмү - Чеченстандагы кырдаал жаатында чет элдик уюмдар менен көз карандысыз эксперттер үчүн баарынан ишеничтүү булакка айланган.

“Мемориалдын” башчысы Олег Орлов Эстемированын Чеченстанда уурдалып жок болгон кишилер тууралуу маалыматтары анын өз өмүрүнө коркунуч келтире баштаганын айтат:

- Наталья Эстемированын жасаган иши жеке Рамзан Кадыровдун кыжырына тийген. Керек болсо, Кадыров өзү Наталья менен жолугушуп калганда аны коркутуп-үркүткөн. Эстемирова андан коркуп калбай Кадыров эмне деп опузалаганын ачык айткан. Чечен президенти Кадыров ага: “Менин колдорум канга боелгон, антип айткандан коркпойм дагы, уялбайм. Мен жаман кишилерди өлтүргөм жана мындан ары да өлтүрөм”, - деп айткан экен. Андан сырткары Рамзан Кадыров Натальяны кордоп мазактаган сөздөрдү айтып ашаткан.

Наталья Эстемированы 15-июль күнү эртең менен үйүнөн чыгып бараткан жеринен белгисиз адамдар зордоп машинеге салып кетишип, кечинде анын башына, көкүрөгүнө ок тийген сөөгү Ингушетиянын Назран районунда табылды. АКШ бийликтери бул кабарга байланыштуу терең өкүнүчүн жана тынчсыздануусун билдиришти. Эл аралык Мунапыс уюму бул окуяны Орусиядагы жалпы бейөкмөт уюмдардын оозун басуу аракети катары баалады.

Москвада чыгуучу “Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратов маркум Эстемирова менен соңку ирет чечен президентинин дагы бир катаал сынчысы, адвокат Станислав Маркелов киши колдуу болуп өлгөндөн кийин сүйлөшкөнүн эскерет.

- Мен ага Наташа, тирүүңдө алдыгы жерден башка жакка кет, жан керек болсо Чеченстанда бир мүнөт да калба, сага эч ким жардам бербейт, буларды токтото турган бир да күч жок деп айткам. Ал баарын түшүнүп турам деп жооп берген.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Эстемированы өлтүргөндөрдү айыптап, окуяны дыкат тергөөгө тапшырма берди. Аңгыча Москвалык тергөөчүлөр Назранга жөнөп кеткени кабарланды. “Новая газетанын” башредактору Муратов журналист Анна Политковская жана жакында Венада өлтүрүлгөн Рамзан Кадыровдун мурдагы жансакчысындай эле бул тергөө иши да далайга созулуп, балким, Натальяны чечен лидерин каралагысы келгендер өлтүргөн деген тыянак жасалышы мүмкүн деген жоромолун айтат. Эстемирова өзү Чеченстандагы киши уурдоо-өлтүрүүлөрдүн артында Рамзан Кадыровдун кишилери турат деген оюн ачык айткан.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG