Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Абдырасулова Консоттун жообуна макул эмес


“Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулованын адвокаттары Конституциялык Соттун жообуна каршы пикирин даярдап жатат. Укук коргоочу июнь айында Конституциялык Сотко президент Курманбек Бакиев президенттик шайлоого талапкер болуп катышып жатканда президенттик кызматты аркалап турушу Шайлоо Кодексине каршы келет жана башка талапкерлердин, шайлоочулардын укугун бузат деп, буга түшүндүрмө берүүнү сурап кайрылган болчу. Кайрылууну кароону Конституциялык Сот негизсиз деп тапкан. Укук коргоочу талапкерлердин укуктарынын текши сакталбай жатышы шайлоочунун жана шайлануучунун укуктарын бузулуп жатат деген оюнда калууда. Ошол эле мезгилде Конституциялык Сот кечээ депутат Бакыт Бешимовдун кайрылуусун карап, Курманбек Бакиев президенттик шайлоо жарыяланганга чейин партиялык ишин токтотушу керек деген чечим чыгарып берди. Бешимов мындай чечимге канагаттанганын билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG