Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Тегеран университетинде өтчү жума намазды Рафсанжани жетектейт


Бүгүн Тегеран университетинде өтчү жума намазды мурдакы президент Акбар Хашеми Рафсанжани жетектейт. Ага оппозиция лидерлеринин бири, мурдакы премьер-министр Мир Хосейин Мусави жана башка реформачыл талапкерлер катышат деп күтүлүүдө. Диний жетекчиликте таасири күчтүү Рафсанжани кутпа сөзүндө 12-июндагы президенттик шайлоо орой бурмаланды деген оппозиция уюштурган нааразылык акцияларын акташы ыктымал экени айтылууда. Ирандын Чалгындоо министрлигинин башчысы бул иш-чара “күтүлбөгөн окуялардын сахнасына айланбашы керек” деп эскертти.

XS
SM
MD
LG