Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

УКМК: Террорчулукка жардам берген делип 18 адам кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагынан террорчулукка жардам берген делип 18 адам кармалды. Алардын бешөө чет өлкөнүн лагерлеринде тероррчулук кылууга машыгуудан өткөн. Айрымдары Ооганстан аймагында коалициялык күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан. Калгандары тероррчулукка жардам берген делип кармалышкан. Алар жасалма паспорт жасоого, байланыш, транспорт, жатакана, азык-түлүк менен камсыз кылуу сыяктуу кызмат көрсөтүшкөн. Буга байланыштуу эл аралык террорчулук борборунан даярдыктан өткөн Кыргызстандын бир атуулуна издөө салынды. Учурда иликтеп-тергөө иштери жана террорчул топтун жашынып жүрүшкөн калган мүчөлөрүн издөө улантылууда, деп айтылат маалыматта. (AJ)

XS
SM
MD
LG