Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Ноокатта журналистти топ милиция сабап өлтүргөн


Журналист Алмаз Ташиевди сабады деп айыпталган Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери камакка алынып, тергөө ишин Башкы прокуратура көзөмөлгө алды. Бирок маркумдун тууган-уруктары жана окуянын күбөлөрү басма сөз өкүлүн жалгыз эмес бир нече милиция токмоктогондугун айтышып, калгандарынын да жазага тартылышын талап кылууда.

Башкы прокуратурадан мааалымдашкандай, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Шүкүр Нурматов журналист Алмаз Ташиевди 4-июлда Жаңы-Базар кыштагында токмоктогон. Анын кесепетинен басма сөз өкүлү ооруканада операциядан кийин көз жумган. Окуяга тиешеси бар делинген кенже лейтенант кызмат абалынан аша чаап пайдалангандыгы үчүн айыпталып, 14-июлда кармалды. Тергөөнү Башкы прокуратура көзөмөлдөөдө.

Окуянын күбөсү Рустам Кулушев эстешинче, классташы Алмаз Ташиев экөөнү 4-июлда Ноокат районундагы Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүндө алагүү абалындагы бир нече ички иштер кызматкери жөнсүз токмоктогон:

- Бул иш дайындалганбы, билбейм. Бери жакта кетип баратсак алып кирип, адегенде эле көзүмө байкатпастан бир урду, караңгылыша түштү. Андан кийин Алмазды (Ташиевди - автор) жетөөсүбү, сегизиби, көптөп уруп кетишти. «Балдар койгула, акелер, үкалар токтогула, чатагына айланат» десем да ынашпады. Окуянын башынан аягына чейин, фамилиясы эсимде жок, участковый Жеңиш даана билет.

Рустам Кулушев ырасташынча, милиция кызматкерлери кылыктарын мастыкка шылтоолоп, бирок күнөөнү жалгыз Шүкүр Нурматовго төңкөрүп жатышкандыгы чындыкка коошпойт.

Ушул эле райондогу Жар-Коргон кыштагынын тургуну Бектемир Абдыкалыков ошо күнү Жаңы-Базарга жумуштап барып, айылдашы Алмаз Ташиевди жети-сегиз милиция өкүлдөрү тепкилеп жаткандыгын өз көзү менен көргөндүгүн, бирок аларды ажыратууга мүмкүнчүлүк болбогондугун ачыктады.

- Жаңы-Базардагы дүкөндүн ичинде үч милиция олтурган. Алардын үстүнө Алмаз (Ташиев - автор) байкоосуздан кирип калган, - деп эскерет Бектемир Абдыкалыков. – Бир маалда Алмазды токмоктой башташты. Анан милициякананы карай сүйрөп жөнөштү. Ал жакка жетээрде Алмаздын башы цементке катуу тийип, эси ооп калган. Ага карабастан тепкилешти. Ажыратканга аракет кылсак, «Жаңы-Базардагы эркегиңер чыккыла!» деп кууп чыгышкан. Аңгыча дагы эми машинечен милиция келип, журналистти жети-сегизи болуп уруп-сабашты.

Бектемир Абдыкалыков ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ашынган жоруктарын айыптап, Алмаз Ташиевди өлөөрчө сабаган милиция кызматкерлеринин бардыгын жоопко тартууну жердештери катуу талап кылып жатышкандыгын билдирди.

Алмаз Ташиев Ноокат райондук оорканасында жаткан чагында, 8-июлда, «Азаттыктыктын» кабарчысы кепке тарткан эле. Ошондо журналист айтканына караганда, классташы Рустам Кулушев экөө Жаңы-Базардагы милициянын паспорт бөлүмүнө баш багышканда, ошол жерде олтурган ички иштер оарганын мас кызматкерлери аларды сурабай-этпей токмоктоп таштаган.

- ПОМдогу паспорт үстөлүнүн жетекчиси, милициянын майору Сайпидин деген жигит, фамилиясын унутуп калыпмын, караманча каршы чыгып кеңсесине «киргизбеймин!» деди. Киргизбегидей бул сенин үйүң эмес, элдин үйү дедим. Жанында турган эңгезердей балдар бар экен, мени көтөрүп чаап, тепкилеп ташташты, - деген эле журналист Алмаз Ташиев өмүрүнүн акыркы саттарында «Азаттыкка» курган маегинде.

Журналист Алмаз Ташиевдин бир тууган иниси Мелис Ташиев агасы милиция кызматкерлеринин ур-токмогунан каза тапкандыгын белгилеп, ошон үчүн алардын бардыгы жазаланууга тийиш деп эсептейт: - Эми азыр экөө мойнуна алып жатат. А чындыгында, экөө эмес да. Акемди он төртөө сабаган. Ошолордун бардыгы жазалануусу абзел. Начальниги да кызматынан кетиши керек. Анткени, ошол буйрук берген. Туугандарынын доосу ушул.

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, пикирин билдирүүдөн баш тартты.

Анткени менен Ноокат районун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиев журналист Алмаз Ташиевдин сабалышына милиция кызматкерлеринин тиешеси бардыгын маалымдады.

- Текшерүү мезгилинде Ташиев Алмазбек Жолдошевич денесинен милиция кызматкерлери тарабынан жаракат алгандыгы аныкталды. 2009-жылдын 10-июлунда Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат, - деди Ноокат районун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиев.

Журналист Алмаз Ташиев 33 жашта эле. Буга дейре «Агым» гезитинде эмгектенген. Андан тышкары башка дагы көз карандысыз массалык маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташып турган. Артында эки кыз, бир уулу жетим калды.

XS
SM
MD
LG