Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Башкы прокуратура “Боинг-737” учагынын кыйроосун иликтөөнү аяктап, ишти сотко ашырды


Башкы прокуратура өткөн жылы болгон “Боинг-737” авиакырсыгын иликтөөнү аяктап, ишти сотко ашырды. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча учактын кырсыктап кыйрашы боюнча негизги күнөө экипаждын командири жана экинчи учкучтун мойнуна түшүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда Транспорт жана коммуникация министрлиги Президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө жиберген отчетто учактын экипажынын учуу эрежелерин одоно бузгандыгы кырсыктын негизги себеби катары көрсөтүлгөн. “Итек эйр” авиакомпаниясына таандык “Боинг-737” учагы өткөн жылы 24 -августта “Манас" аба майданынан жаңы учуп чыгары менен кулап, 90 адамдын ичинен 67 адам мерт болгон. (KCh)

XS
SM
MD
LG