Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Ирандын мурдагы президенти камактагы демонстранттарды бошотууга чакырды


Тегеран университетинин имараты ичинде өлкөнүн апталык башкы диний жөрөлгөсүн бүгүн мурдагы президент жана таанымал динаятчы Али Ахбар Хашеми Рафсанжани алып барды.

Рафсанжани өз сөзүндө өткөн айдагы шайлоонун расмий жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары учурунда камалган жүздөгөн ирандыктарды бошотууга чакырды.

Ага катар иран элинин “ири бөлүгүнүн” 12- июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына күмөн саноосу бардыгын белгиледи.

Оппозициянын жума намазга катышкан миңдеген жактоочулары “эркиндик” деп кыйкырышты жана оппозиция лидери Мир Хоссеин Мусавини колдогон ураан –чакырыктарды айтышты.

Бул президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары күч менен басылган бир нече аптадан бери оппозиция маанайынын алгачкы ирээт көргөзүлүүсү болду.

Расмий маалымат боюнча Мусави өткөн айдагы шайлоодо экинчи орун алып, азыркы президент Ахмадинежадга уттурган. Бирок ал добуштар Ахмадинежаддын пайдасына бурмаланды деп эсептейт. Мусавинин жана дагы бир башка талапкер Мехди Карубинин бүгүнкү жума намазга катышуусу алардын бир нече аптадан бери коомчлукка алгачкы ирээт чыгуусу болду.

Кийинчерээк Тегерандын борборунда полиция менен оппозиция жактоочулары ортосунда кагылышуу орун алды.

XS
SM
MD
LG