Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

72 жаштагы А.Сатыбалдиевди кармап кетүүгө аракет жасалды


Укук коргоочулардын коомдук кеңешинин маалыматына караганда, 18-июлда саат 12лерде эки белгисиз адам (коопсуздук комитетинин кызматкерлери болушу мүмкүн) Сузак районунун Маала айылынын тургуну ардагер Абдулхамид Сатывалдиевди белгисиз тарапка алып кетүүгө аракет кылышкан. Аны алып кетүүгө неберелери тоскоолдук кылып калышкан. Ардагер Абдулхамид Сатывалдиев июнь айынын соңунда Жалал-Абаддагы террорчуларды жок кылуу боюнча атайын операцияда атып өлтүрүлгөн Абдусамат (1965 жылы туулган) менен Абдукаримжан (1967-жылы туулган) Сатывалдиевдердин атасы. Абдулхамид Сатыбалдиев уулдарынын сөөгү туугандарына берилбегенин, түштүк аймак боюнча башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев алардын сөөгү көмүлгөндүгүн айтканын билдирген.

Укук коргоочулардын коомдук кеңеши Улуттук коопсуздук комитетинен Сатыбалдиевдердин үй-бүлөсүнө зордук-зомбулукту токтотууну талап кылып, алардын үй-бүлөсүнө карата жасалган мыйзамсыз аракеттери үчүн жана Абдусамат менен Абдукаримжан Сатывалдиевдердин сөөгүн көмүп салгандарга чара көрүүнү Башкы прокуратурадан өтүндү.

Укук коргоочулардын коомдук кеңеши бул маселени жеке көзөмөлгө алууну Акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылышты.

Бул боюнча Коопсуздук комитетинен азырынча жооп ала алган жокбуз. (AJ)

XS
SM
MD
LG