Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Э.Каптагаевдин сабалганына нааразы жердештери каршылык акциясына чыгышат


Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын тургундары 18-июль күнү айылдык маданият үйүн алдына чогулуп, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү, "Улуу биримдик" партиясынын лидери Эмил Каптагаевдин 20-июнда сабалганын бийликтен көрүп атканын билдиришти. Кенжекан Кулболдиеванын айтуусунда айылдагы “Сольнышко”,” Витьяз” эс алуу борборлору президент Бакиевдердин менчигине өткөнүн жалгыз гана Каптагаев ачыкка чыгарып келген. Э.Каптагаев президенттикке талапкер А.Атамбаевдин үгүт иши боюнча айылга келгенде жердештеринин социалдык көйгөйлөрү чечилбей укуктары тебеленип жатканын айтканы бар.Чогулган 100дөй киши Э.Каптагаевди коркутуу токтотулбаса Бишкек -Чолпон-Ата чоң жолун тороп, шайлоону өткөртпөйбүз деген талаптар менен айыл өкмөтү М.Урмамабетовго кайрылды. Бирок анын убадасына ынанбаган тургундар район башчысы Т.Мансуровго расмий кат менен бара турган болду. Администрациянын мааламаты боюнча нааразылангандарды аким 19-июль күнү кабыл алат. (RB).

XS
SM
MD
LG