Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

А.Атамбаев: Эгерде шайлоодо элдин добушун ким уурдайм десе азабын өзү тартат


Бул тууралуу президенттикке БЭКтен бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев өзү “таза шайлоо өткөрүп бергиле” деп суранып жатат. “Таза шайлоону биз өткөрүп беребиз, эл өткөрүп берет”,-дейт Атамбаев. Ал ошондой эле эгерде шайлоодо добуштар уурдалса ар бир райондо миңдеген адамдар добуштарын коргоп алууга чыгышарын кошумчалады.

“Алдыдагы президенттик шайлоо таза өтпөйт, коомчулукта ишеним жок” деп жакында “Менин тандоомдун мезгили” атуулдук уюмдардын биркмеси билдирүү таратты.

БШК болсо шайлоо мыйзамдын чегинде, адилеттүүлүк менен өтөрүн билдирген. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG