Орбитада турган бекетке Эндейвор чөлмөгү менен келген жети астронавтты бекеттин командири Геннадий Падалка кесиптештери менен кучак жайып тосуп алышты. Ошону менен биринчи жолу Жердин орбитасында бекет боюнча беш шериктин: АКШнын, Орусиянын, Европанын, Жапаниянын жана Канаданын өкүлдөрү бир мезгилде чогулду.