Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Өлкөнүн түштүк аймагында антитеррордук борбор ачылары айтылды. Конституциялык Сот Б. Бешимовдун арызын канааттандырды. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү аягына чыгууда.

Президенттик шайлоо - маарада

Кыргызстанда президенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Алты талапкер акыркы үгүт күндөрүн өткөрүп жатат.

Белгилүү болгондой президенттик шайлоо быйыл күзгө калбай болуш керектигин Конституциялык сот чечип, ал чечимдин негизинде 23-июлда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу токтомун Жогорку Кеңеш быйыл 20-мартта кабыл алган.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин жыйырманын тегерегинде адам билдирип, соңунда алты киши президенттике талапкер статусуна ээ болушту. Алар Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Жеңишбек Назаралиев, Токтайым Үмөталиева жана Нурлан Мотуев. Талапкерлер 19-июндан тарта жүргүзүп келаткан үгүт өнөктүгүн 22-июлда токтотушат. 23-июлда добуш берүү болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский добуш берүүгө бардык даярдыктар көрүлүп бүткөнүн билдирди:


- Жалпысынан Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону өткөрүүгө даяр. Ушул тапта эл аралык байкоочуларды каттоону улантып жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин төрт жүздөн ашык эл аралык байкоочуну каттадык.

Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү максатында бир нече өкмөттүк эмес уюмдар биригип, “Менин тандоомдун мезгили” бирикмесин түзүшкөн . Алар үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүнө дыкат байкоо салып келатат жана добуш берүү күнү 3 миң байкоочуну 1.5 миң добуш берүү участкасына коюу аракеттинде экенин билдиришти.

Үгүт өнөктүгүнүн оң-терс жактары тууралуу “Менин тандоомдун мезгили” бирикмесинин өкүлү Динара Ошурахунова буларды билдирген:

-Эми оң жагын айтып кетсем, бул биздин элдин кичине активдүү катышканы. Бул деген абдан керектүү шайлоо болуп атат, ошон үчүн катышыш керек деген түшүнүк бар. Калган жактарын айтып кетсек, баягы эле биздин эски административдик ресурс колдонгон эле шайлоо болуп атат. Мурдакы шайлоолорго салыштырмалуу азыркы шайлоодо көбүнчө административдик ресурс абдан көп кийлигишип атат.

Бул президенттик шайлоонун өзгөчөлүгүнө токтоло турган болсок, мурунку президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев Феликс Кулов менен тандемге барып, андан сырткары айланасында ыңкылапчыл саясатчылардын колдоосу менен жеңишке жетишкен. Ал жеңишти камсыз кылышканын ыңкылапчыл саясатчылар да, Феликс Кулов да кыйыр түрдө да, ачык түрдө да айтып, Бакиев аларга милдеткер экенин белгилеп келишкен.

Бул ирет Курманбек Бакиев үгүт өнөктүгүндө бир да олуттуу саясатчыны жанына албай, бардык жолугушууларга жеке өзү барып жатат. Бул жагынан ал эч кимге милдеткер болбой калууда. Бакиевдин азыркы шайлоо өнөктүгүнүн кыймылдаткычы президенттик администрациядан жана Бакиевдин шайлоо штабынан башкарылган ортоңку административдик катмар болуп жатат.

Курманбек Бакиевдин негизги атаандашы Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого буга чейин да катышкан. Бирок бул ирет олуттуу күчкө ээ болуп турат. Анын айланасына белгилүү саясатчылар топтолду. Каржы жагынан да, атак жагынан да абалы жаман эмес. Ошон үчүн алар жеңиш жөнүндө, добуштарды коргоо жөнүндө көбүрөөк айтып, шайлоодон кийин күрөшкө даярдыкты жүргүзүүдө.

Ал эми Темир Сариев үчүн бул өнөктүк машыгуу катары кабылданып, келечектеги саясий карьерасына кызмат кылыш ыктымал.

Бакиев дегенде “Ак жол” партиясын, “Ак жол” дегенде....



2007-жылы референдумда кабыл алынган Конституция президенттин кайсы бир саясий партиянын, уюмдун мүчөсү болушуна жол бербейт. Бирок президент Бакиев 2007-жылы “Ак жол” партиясын уюштуруп, анын ардактуу төрагалыгына шайланган жана партиянын №1 партиялык билетин алган. Партия Юстиция министрлигинен каттоодон өткөндөн кийин Курманбек Бакиев формалдуу түрдө партия төрагалыгынан кеткен. Бирок “Ак жол” партиясынын бир да иш чарасы, чечими Курманбек Бакиевсиз кабыл алынбашы белгилүү.

Социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов Конституциялык сотко мына ушул маселе боюнча кайрылып, Конституциянын 45чи беренесинин 3чү пункттуна түшүндүрмө берүүнү өтүнгөн. 16-июлда Конституциялык сот Бешимовдун арызын карады.

Бешимов сотто буларды билдирди:

- Бүткүл Кыргызстандын эли теле аркылуу көрүп атпадыбы, “Ак жол” партиясынын курултайлары болуп атканда Курманбек Бакиев активдүү катышып, жетекчилик органдарын шайлоодо да кийлигишип атты. Ошол партиянын негизги идеологиялык-саясий ишин алып барып жатты. Ушунун баарын жалпы эл көрүп турса, партиянын өкүлдөрү болсо “жок, Курманбек Салиевич партиядагы ишин токтотуп койгон” деп айтып атышат. Бул –жалган.

Конституциялык сот Конституциянын 45 беренесинин 3чү пунктуна түшүндүрмө берди. Бирок сот президенттин саясий партияга мүчөлүгүн токтотуунун жол-жобосу Конституцияга жазылбаганын, аны ар бир партия өз уставына жараша чечерин билдирип, бирок 45 берененин 3 пунктунун талаптарын тастыктаган чечимди чыгарды. Аны Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова мындайча жарыялады:

-КР Конституциялык Соту чечти: КР Башмыйзамынын 45-беренесинин 3-пунктуна расмий чечмелөө берилсин. Берилген Конституциялык ченемде өлкөнүн президенти болуп шайланган адам саясий партиянын жана уюмдун мүчөсүнүн ар кандай партиялык, уюмдук иши КР Жогорку Кеңешинин жаңы шайлоо датасы тууралуу расмий жарыялоосуна чейин токтотуп турат.

Бакыт Бешимов Конституциялык соттун чечимине канааттанганын, эми Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясындагы мүчөлүгүн токтотпогонун далилдөө үчүн башка сотторго кайрыларын билдирди. “Ак жол” партиясынын өкүлү да соттун чечимине ыраазылыгын билдирүүдө.

Чындыгында сот Конституциянын 45 беренесинин 3чү пунктунун талаптарын тактап, ал эмес шайлоо жарыялангандан кийин президенттин саясий партияда ишмердүүлүгүн улантуу мүмкүнчүлүгү бар экенин тастыктады. Бирок шайлоо жарыялангандан кийин ал саясий партияда ишмердүүлүгүн улантса, анда президенттик ыйгарым-укуктарын токтотуу талабы чыгат. Анткени Конституцияда президент президенттик ыйгарым-укуктарын аткарып жаткан убакта саясий партияда мүчөлүгүн токтото турат деп жазылган.

Аскердик база эмес, антитеррордук борбор...

Бул жумада түштүктө орус аскер базасын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу божомолдор кайсы бир деңгээлде тастыкталды.


Президент Курманбек Бакиев 15-июлда “Нью-Йорк таймс” гезитине берген интервьюсунда “Кыргызстан түштүгүндө антитеррордук борбор түзүү караштырылып жатат. Бул маселе талкуулануу башатында турат”, деп билдирди.

Белгилүү болгондой Россиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин менен коргоо министри Анатолий Сердюков 7-июлда Кыргызстанда кыска мөөнөттүк жашыруун сапар менен болуп кеткен. Орус делегациясы кыргыз жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөргөн. Бирок сүйлөшүүлөр тууралуу эч кандай расмий маалымат берилген эмес. Мына эми Кыргызстан менен Россия түштүктө антитеррордук борбор курууга ниеттенип жатканы ачыкталып жатат.

Антитеррордук борбор түштүктөгү Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун кайсы биринде ачылары азырынча белгисиз.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Кыргызстан менен Россия антиррордук борбор деп жаткан менен ал иш жүзүндө Россиянын аскерий базасы болуп чыгат:

- Эми ачык айтканда региондо таасирин күчөтүш үчүн Россия Кыргызстанды тандап алганы көрүнүп турат. Бул биринчиден. Экинчиден, антитеррордук борбор деп атабоодон башка айла жок болуп турат. Себеби регионго негизги коркунуч эл аралык терроризм, Ооганстан багытындагы абал болуп жатпайбы. Башка эмне деген шылтоо менен Россия база ача алат? Башка шылтоо жок. Ошон үчүн терроризмге каршы күрөштү үйрөтө турган база ачылат. Бирок ал негизи Россиянын базасы болуп калышы мүмкүн. Себеби дегенде Канттагы база ЖККУнун базасы деп айтылып жүрөт. Бирок ал база кимге баш ийет? Ал Россиянын эле базасы. Бул эмнеден кабар берет? Терроризмге каршы борбор деген жөн эле шылтоо. Россия региондо өзүнүн таасирин күчөтүү үчүн Кыргызстанды бүт база кылып алды десек туура болот. Кыргызстан аркылуу андан ары регионго таасирин күчөткөнгө аракет кылат, деген Орозбек Молдалиев жалпы өлкө аймагын түрдүү базаларга айлантуу туура боло бербестигин, Түштүк Осетиядагы окуяны эстен чыгарбоо зарылдыгын жана коңшу өлкөлөр Кыргызстан аябай милитаризацияланды деп жакында айыптай баштаарын кошумчалады.

Саясатчы Болот Жанузаков антитеррордук борбордун ачылышына карата мындай пикирин айтты:


- Негизи ар бир өлкө өзүнүн коопсуздугун сактоого бүт бардык мүмкүнчүлүн, күчүн жумшаш керек. Ал эми эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жана эл аралык терроризмдин күчтөрүнө биздин өлкөдө жол бербөө бул мамлекеттик бийликтин негизги милдети. Бирок кандай гана болбосун согуштук базаларды ачуудан мурда мамлекеттик кызыкчылыктарды көздөй билиш керек. Ошон үчүн баарын ойлоп туруп, жакшылап негиздеп туруп чечим кабыл алынса туура болот.

Белгилүү болгондой базанын ачылышына Казакстан каршы эместигин, ал эми Өзбекстан кескин каршы экенин билдирген. Коңшу өлкөнүн мындай позициясына терс пикирин Жанузаков мырза билдирди:

- Базаны ачыш же ачпаш, өзүбүздүн мамлекеттин коопсуздугун сакташ биздин ички да, тышкы да ишибиз. Өзүбүздүн ишибиз.Ошон үчүн бөлөк мамлекеттер макул болобу, болбойбу ал алардын иши эмес. Анан ГЭС курабыз десе ага каршы чыгат. Эл аралык терроризмге каршы күрөштү күчөтүү үчүн база ачабыз десе ага каршы чыгат. Өзбекстандын биздин чечимдерге макул болуш, макул болбошко эч кандай тиешеси да, акысы да жок.

31-июлда Чолпон-Атада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттери бейформал саммитке чогулушат. Ал жерде түштүктө антитеррордук борборду ачуу маселеси талкууланышы мүмкүн.
Ал саммитке келерин Россиянын президенти Дмитрий Медведев билдирди. ЖККУга мүчө калган өлкөлөр Казакстан, Тажикстан, Армениянын президенттеринин да келиши күтүлүүдө. Ал эми өзбек президенти Ислам Каримов кандай чечим кабыл алат? Ал азырынча белгисиз.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG