Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

КМШнын миссиясы шайлоо өнөктүгүнө оң баа берүүдө


Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча КМШ миссиясынын жетекчиси Евгений Слободанын айтымында, жалпысынан шайлоо өнөктүгү мыйзам бузууларсыз өтүп жатат. КМШ миссиясынын байкоочулары болсо, өлкөнүн айрым аймактарында уюштурулган эрте шайлоолордо мыйзам бузууларды байкашкан эмес. 23-июль күнү президенттик шайлоого аталган миссиянын 136 байкоочусу катышмакчы.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабы мыйзам бузуулар, административдик күч колдонуулар көп болуп жатканын, алдын-ала өткөрүлгөн эрте шайлоолор да калыс болбой жатканын билдирүүдө. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG