Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Кыргызстанда комбайн чыгаруучу завод курулду


Бул тууралуу “Ростсельмаш” ишканасынын өкүлү Эмил Бараканов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын сентябрь айында Бишкекте комбайн чогултуучу кыргыз-орус заводунун ырасмий ачылышы болмокчу. Ушул тапта завод алгачкы он комбайнын курап, анын сегизин сатууга үлгүрдү. Кыргызстанда куралган комбайндардын баасы 62 миң долларды түзмөкчү. Э.Баракановдун айтымында, бул баа өлкөгө тыштан келген башка комбайндардыкына караганда төмөн.

Комбайндарды куроочу бул заводго кыргыз-орус тарап 50 пайыздан үлүштөргө ээлик кылышат. Орусия тарап машинелерди куроо үчүн бардык тиешелүү жабдыктарды алып келүү жагын мойнуна алган болсо, Кыргызстан заводго жай бөлүп берип, аны адистер менен камсыздоо жагын колго алган.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинин маалыматына караганда, учурда өлкөдө 3 миң 59 комбайн бар. Алардын 2 миң 845 даанасы Орусиянын “Ростсельмаш” заводунан чыккан “Нива” комбайндары. (IJz)

XS
SM
MD
LG