Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Ош: Алдын-ала шайлоодо талаптар аткарылган жок


Бул туурасында президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Ош шаарындагы штабдарынын биринин башчысы, «Ата Мекен» партиясынын аймактык координатору Төлөгөн Келдибаев билдирди. Анын айтымында, үч миңге чукул ички иштер кызматкери жолдомо аркылуу шаардык шайлоо комиссиясына барып добуш беришти. Анткени менен алар Шайлоо Кодексинде көрсөтүлгөн талаптарды аткарган жок, мисалы, добуш берүүнүн купуялуулугу сакталбастан, бекитилген конверттердин сыртына милиция өкүлүнүн аты-жөнү, дареги бадырайта жазылууда, Мындан тышкары добуш берүүчү шайлоого катышканын тастыктап колтамга калтырыш керек эле, алардын ордуна шаардык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коюуда.

Шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев оппозиция өкүлүнүн маалыматын четке кагып, мөөнөтүнөн мурда добуш берүү мыйзам чегинде жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG