Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Талапкерлер үгүт иштерин улантууда


Айымдардын арасынан президенттикке жалгыз талапкер Токтайым Үмөталиева бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, “Дордой” базарында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзөт. Ал кечээ Жалал-Абаддагы Чек айылында, Сузак, Ноокен райондорунда жолугушууларды өткөрүп, ЖТРда түз эфирге чыкты.

“Ак шумкар” партиясынынан президенттикке талапкер Темир Сариев бүгүн Москва районун кыдырат. Ал кечээ Сокулук районунун эли менен Кызыл-Туу айылында жолугушуу өткөрүп, төшбулактык айылдаштары Темир Сариевге бата берип, аргымак мингизишти.

Президенттикке БЭКтен бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев болсо бүгүн Беловодск, Кара-Балта шаарында шайлоочулар менен жолугушат. Кечээ ал Бишкектин тургундары менен кездешип, шайлоо алдындагы ой-пикирин, өзүнүн программасын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG