Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Гондурастагы кризис боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болду


Гондурастагы саясий кризисти жөнгө салуу боюнча Коста-Рикада өткөн сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады. Гондурастын убактылуу өкмөтүнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдө арачы болгон Коста-Риканын президенти Оскар Ариастын планы менен макул болушкан жок. Президент Ариас Гондурастагы төңкөрүштөн кийин өлкөдөн куулган президент Мануэл Селая кайрадан кызматына келиши керек деп сунуш кылган. Ариастын планына ылайык, Гондураста улуттук өкмөт түзүлүшү керек жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл. Бирок Гондурастын убактылуу өкмөтүнүн өкүлү Карлос Лопес Оскар Ариастын планы менен макул болгон жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG