Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Өспүрүмдөр колониясында бир киши мерт болду


Түзөтүү мекемелер башкармалыгынын маалымат кызмат башчысы Сергей Сидоровдун маалыматына караганда өспүрүмдөрдүн 14-колониясында 18-июлда мушташ чыгып, анын кесепетинен 19-июлда Заипов Самат аттуу 17 жатшагы айыпталуучу мерт болду. Жарат алган 3 айыпталуучу №47 колониядагы борбордук ооруканага жаткырылды. Чатакты уюштурган деп шектелгендердин катарындагы 4 айыпталуучу Тергөө изоляторуна которулду. Сидоровдун билдиргенине караганда окуяга колонияда айыпталуучулар ортосундагы “биринчилик” үчүн мушташ себеп болгон. Учурда киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатат. Мындан тышкары кызматтык териштирүү да башталды. №14 колониянын башчысы Отунчиев Нурбек кызматынан алынды деп билдирди башкармалыктын маалымат катчысы. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG