Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

АКШ базасын чыгаруу демилгеси кайра козголууда


Бүгүн маалымат жыйынын уюштурган АКШнын аба-аскерий базасын чыгаруу боюнча Координациялык кеңеш нааразылык акцияларын өткөрүүгө камданып жатканын билдирди. Себеби Александр Типеров, Марина, Иванова, Галина Скрипкина өңдүү өкүлдөрдүн билдиргендерине караганда алардын базаны караманча чыгарып кетүү боюнча ТИМге, АКШ президенти Барак Обамага кайрылуусунан майнап чыкпай жатат.

Координациялык кеңеш Кыргызстанда АКШнын да, Орусиянын да аскерлеринин турушун каалабайт. Ага жараша чет өлкөлүк аскерлердин дипломатиялык иммунитети жок жүрүшүн кепилдеген мыйзам иштелип жатат деп билдирди Координациялык кеңешин башчыларынын бири Александр Типеров.
Мурдагы антитетеррордук коалициянын аба-аскерий базасынын ордуна АКШ менен Кыргызстан өткөн айда жүк ташуучу транзиттик борбор түзүү тууралуу макулдашып, бул макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга президент Курманбек Бакиев 2-июлда кол койгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG