Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Мэрия жөө жүрүшкө уруксат берген жок


Бишкек шаардык мэриясына 17-июлда президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин шайлоо штабынан арыз келип түшкөн. Анда штаб 21-июлда Бакиевди колдоо боюнча жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат сурап кайрылып, иш-чараны тынч уюштуруп, коопсуздук үчүн кепилдик алаарын жазган. Бирок мэрия жетекчилиги борбордук көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына негиздеп, жөө жүрүш коомдук транспорт кыймылына жолтоолук кылып, шаар тургундарынын күнүмдүк турмушуна ыңгайсыздык жаратат деген жүйөө менен бул иш-чараны уюштурууга уруксат берүүдөн баш тарткан. Айрым серепчилер шайлоодон кийинки наарзылык акцияларынан кооптонгон шаардык бийлик өзүн актоо үчүн алдын ала митингдерге орун бербөө айла-амалын баштап жатат деген пикирлерин билдирүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG