Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Милиция өкүлдөрү Баш прокуратурага кайрылды


Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев үгүт маалында күч структураларына карата кемсинтүү сөз айтып эл алдында тартип корго кызматкерлеринин аброюна көлөкө түшүрүп жатат деген арыз менен Бишкек, Ош жана Талас ШИИБинин айрым кызматкерлери Баш прокуратурага кайрылышты. Арыз ээлери талапкердин элди тартип коргоо органдарына карата тукуруу сөздөрүнө юридикалык баа берүү талабын коюшуда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигин басма сөз кызматы билдирет. БЭК атынан президенттикке бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабы буга чейин тескерисинче, жер-жерлердеги тартип коргоо кызматкерлерин бийликтеги талапкердин пайдасы үчүн иштеп, үгүт маалында оппозиция талапкерине элди жолуктурбоо аракеттерин көрүүдө деп күүнөлөп келет. (EK)

XS
SM
MD
LG