Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Иранда вице-президент кызматтан кетпегенин айтты


Эсфандиар Рахим Машаи интернеттеги сайтында өзүнүн кызматтан четтетилгенин жокко чыгарып, «бул өңдүү ушакты өкмөттүн душмандары таркатып жатышат» деди. Ирандын өкмөтүндөгү бир топ адамдар, анын ичинде руханий лидер Аятолла Али Хаменейи да, Машаини вице-президент катары дайындоого каршы экендиктерин билдиришкен. Машаи өзү Ахмединежад менен кудалашышкан: Президенттин уулу Машаинин кызына үйлөнгөн эле. Бирок Машаи былтыр «Иран израилдиктердин досу» деп алып, бир топ сынга кабылган. Ал аралыкта мурдагы президент Мухаммад Хатами шайлоону легитимсиз деп атап, андан берки ыйкы-тыйкыны токтотуш үчүн референдум өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG