Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Ысык-Көлдө автоунааларга эки күндүк чектөө кирет


ИИМдин билдиргенине караганда ЖККУга мүчө мамлекет башчылардын бейформал Чолпон-Ата жолугушуусуна байланыштуу 31-июлда жана 1-августта Ысык-Көлдү айланта автоунаалардын жүрүүсү чектелет. Бул аралыкта Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Тамчы жана тескейиндеги Бостери айылдарынын ортосунда жүрүүнү эс алуучулар азайтышы керек. Мындай чектөөнү ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгы ЖККУ саммитинин эл аралык маанисин эске алуу менен киргизип жатат жана бул үчүн эс алуучулардан кечирим сурайт деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.
ТИМдин маалыматына караганда бейформал саммит 31-июлда Чолпон-Ата өтүп, жолугушууну президенттер 1-августта көлдүн тескейинде жаңы курулуп бүткөн “Аалам ордо” эс алуу борборунда аякташат. ЖККУга Орусия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Өзбекстан, Армения, Кыргызстан мүчө. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG