Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

БЭКтин башчылары Жалал-Абат облусунда болду


Кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров менен саясий кеңештин мүчөсү Роза Отунбаева президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин облустагы шайлоо штабынын өкүлдөрү менен кездешти. Мындай маалымат бүгүн БЭКтин Аксыдагы координатору Кадыркул Өмүрбековдон алынды. Анда шайлоо алдындагы өлкөдөгү кырдаал талкууланды. Алар шайлоону таза өткөрүүгө чакырып, мыйзам бузуулар байкалса, Шайлоо кодексинин негизинде добуш берүүнү токтотуу тууралу дароо БЭКтин штабына билдирүүнү сунуш кылышты. БЭКтин башчылары Таш-Көмүр жана Кочкор-Ата шаарлары менен Аксы районундагы шайлоочулар менен да пикирлешти. « Азаттыктын» суроолоруна жооп берген А. Бекназаров менен Р. Отунбаева мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоо мыйзамын бузуу менен коштолуп жаткандыгын белгилешти. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG