Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Кыргыз-өзбек чегинде чыр чыкты


Баткендин Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Чарбак айылындагы базарда бүгүн кыргыз-өзбек жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Андан улам эки тараптан тең ондогон эл чогулуп, тиреш күч алып кете жаздаган. Эки өлкөнүн чек ара кызматы, милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнөн улам абал жеңилдеп, сүйлөшүүлөрдөн соң кечке жуук жаалданган тараптар тарап кетишкенин аймактагы кабарчыбыз кабарлады. Учурда окуянын себептери иликтенүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын нөөмөт бөлүмү да "Азаттыкка" бул маалыматты тастыктады. Алардын билидиришинче, Чек ара кызматынын аймактагы жетекчилери, Баткен районунун акими жана укук коргоо органдарынын башчылары жаатташкан эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин алар тарап кетишкен. Учурда чек арада кырдаал тынч. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG