Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

Перунун мурдагы президенти соттолду


Перунун мурдагы президенти Алберто Фухимори пара алган деген айып менен 7 жарым жылга эркинен ажыратылды. Перунун соту Фухимори президенттик кызматты ээлеп турганда Чалгындоо башкармалыгынын жетекчисине бюджеттен 15 миллион доллар бөлүү тууралуу буйрук бергенин аныктады. Мурдагы президент соттун чечими менен макул болгон жок. 1990-жылдан 2000-жылга чейин Перунун президенти болгон Фухимори буга чейин адам укуктарын бузган деген айып менен 25 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG